Похожее изображение  

 

Мэр Албек Ибраимов шаардык кеңештин жыйынында айрым депутаттардын суроолоруна нааразычылыгын билдирди.

 

“Азыр ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Комиссиянын курамына тажрыйбалуу энергетиктер кирген. Бир катар депутаттар туура эмес суроо беришүүдө, кыязы, өздөрү деле билбейт окшойт. Биз ЖЭБдин мурдагы директору, “Бишкекжылуулуктармагынын” жетекчиси менен бир нече жолу жыйын өткөрүп, жылуулук сезонуна даярдыкты караганбыз. Алар мага жылуулук сезонуна даяр экенибизди айтышкан.

А мен эмне, ЖЭБге барып насосторду ачып көрүшүм керек беле? Бул менин милдетиме киреби?” – деди мэр.