Бишкек шаарынын бюджети 2018-жылы 7 млрд 934 млн 941 миң сомду түзөт.
Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы шаардын бюджети долбоору боюнча коомдук угууда билдирди. Шаардагы ар бир райондо өзүнчө өткөрүлө турган коомдук угуунун биринчи жыйыны Октябрь районунда болду.
Айтымында, шаардын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 900 млн сомго аз.