Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, милицияга Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин ээси кайрылган.

 

Айтымында, 3-февралда беткап тагынган үч киши дүкөнгө кирип, сатуучуга тапанча такап, 80 миң сом алып кетишкен.

 

 Жабырлануучунун арызы боюнча кылмыш иши ачылган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери абактан бир ай мурда бошонуп чыккан кылмыштуу топту кармаган. Алар дүкөндөргө киришип, тапанча менен коркутушуп, акча тоноп жүргөнү белгилүү болгон. Кылмыштуу топ жети каракчылык ишке барышкан. Тинтүү учурунда 3 медициналык беткап, эки револьвер, 4 уюлдук телефон, белгисиз суюктугу бар шприц табылган.

 

Милиция бул жарандардан жабыркагандар болсо   0(312) 54-41-84ө 0778 77-37-37 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.