Картинки по запросу мегаком 

 

  ALF Consulting SA компаниясы «Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыз акциясын сатып алууга ынтызарлыгын билдирди.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк Фондунан билдиришти.

 

 Маалыматка караганда, аталган фондко  ALF Consulting SA  компаниясынын каржы директору Мария Гамерданжеден кайрылуу келип, Мегакомду сатып алууга даярдыгын билдиришкен. Учурда кат аталган ЖАКка кароого жиберилди.

 

 Эске салсак, «Альфа Телеком» акцияларды сатууга бир нече ирет аракеттенген, бирок, ал  иш жүзүнө ашпай келет.  Россиянын жараны, чай ишкери Елена Нагорная да сатып алууга ниеттенип, анткен менен көп өтпөй кайра баш тарткан. «Акылдуу шаар» долбоорунун инвестору «Ака минералз энд майнинг» да Мегакомду сатып алуу ниетин билдирген.