Бишкек шаарынын мэрии Албек Ибраимов ЖЭБде авария болгон күндөрү маек бербей унчукпай отурганынын себебин сессияда түшүндүрдү.

 

 «Азыр бул багытта комиссия иштеп жатат. Авария болгон 3-5 күндө бул жаатта маалымат көп болду, парламент депутаттары да жыйында карашты. Маалымат каражаттарында саат сайын жаңы маалыматтар чыгып турду. Менимче, шаардыктар алган маалыматтардан өздөрү үчүн жыйынтык чыгарышты», - деди мэр.

 

 Ошондой эле ал диктор эместигин белгиледи:

 

«Менин ишимде  телеге тез-тезден диктордой болуп чыгуунун зарылчылыгы жок.  Кеп сөзсүз эле маалымат берип турууда эмес. Ал күндөрү түнкү саат бирге чейин иштеп аттык. Дайыма байланышта болдум», - деди