Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бекитилген.

 

Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

 

КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматына караганда, комиссия бир айдын ичинде авариянын себептерин аныктап чыгышы керек.

 

Комиссиянын биринчи жыйынында Шадиев экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекцияга ушул жуманын аягына чейин авариянын болжолдуу себептерин тактаган анализ даярдоону тапшырды.