Санкт-Петербург шаарындагы Москва райондук соту кечээ Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Мунавар Назарованы кармашты. Аны менен кошо 20 жаштагы күйөө баласы да темир тор артына барды.

 

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.

 

Белгилүү болгондой, аял өзүнүн 11 жаштагы уулунун жоголушуна шектелүүдө. 26-январда Витебск проеспектисинде 11 жаштагы Салмон Мадумаров жоголгон.

 

Биринчи версияда аял баланын өлүмүнө күнөөлүү деп болжолдонсо, экинчисинде ал баланын кайда экенин билет, бирок полицияга айткысы келбей жатат делген. Баланы Түркиядагы медресеге жөнөткөн деген да божомол бар.

 

39 жаштагы аял Петербургда бир жарым жылдан бери жашайт. Баланын жоголушу боюнча полицияга атасы, Кыргызстандын жараны кайрылган. Атанын айтымында, бала достору менен футбол ойноого сыртка чыккан. Ошону менен дайынсыз.