Жалал –Абаддагы №108 адистик лицейи лицензиясынын мөөнөтү өткөнүнө карабай «В» жана «ВС» категориясын аяктаганын тастыктаган айдоочулук күбөлүктү 56 жаранга берген.
Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, факт боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ага КР кылмыш жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315 (кызматтык көз боемочулук) беренелери негиз болуп берди.
Тергөө иштери уланууда.