Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Россияга болгон 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу «Росбалт» жазды.
Анда жазылгандай, Россия Кыргызстанга 488,9 миллион доллар насыя берген. Анын 55,1 миллиону төлөнгөн. калган 240 миллион доллары кечирилди.
Насыяны жөнгө салуу келишими 2012-жылы түзүлгөн. 2013-жылдын май айында Москва 188,9 миллиондой сумманы кечкен, калган 300 миллион доллар 10 жылдын ичинде төлөнүшү керек эле.
2017-жылдын февраль айында президент Атамбаев Путинге кайрылып, карыздын калганын кечүүнү суранган.