Бишкекте Ош базарындагы өрттөн улам келтирилген чыгымларды тактоо боюнча комиссиянын жыйыны болду. Ага вице-премьер-министр Санжар Муканбетов төрагалык кылды.
Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында өрттөн чыгашага тушуккан ишкерлердин тийиштүү документтерди топтоо жана жабырлануучуларды колдоонун кошумча механизмин кароо маселесинин үстүндө иштөө чечими кабыл алынган.
Ленин районунун администрациясы ишкерлерге документтерди топтоо тапшырмасын беришкен. Тийиштүү мамлекеттик кызматтар калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө тийиш. Комиссия 1-мартка чейин Ош базарынын аймагындагы өрттөн жабыр тарткан ишкерлердин тизмесин түзүп, келтирилген чыгымдарды тактайт.
Эске салсак, Ош базарында 30-январда өрт болгон. 118 соода оруну күйүп кеткен.