Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.
Маалыматка караганда, Ош шаарында 24 жаштагы эне 2,6 жаштагы баласын сабаган.
2015-жылы туулган бала 3-февралдан 4-февралга караган түнү оор акыбалда ооруканага жеткирилген.
Медициналык кароодо баланын баш мээси жараат алганы аныкталган. Учурда ал оор абалда. Дарыгерлер болгон аракетин жумшашып, тийиштүү процедуралардын баарын бала алууда.
Укук коргоо органдары бул тууралуу маалымдалды.