Бир күн мурда түнү «Чыгыш-5» кичирайонунда милиция кызматкерине белгисиз адам ок чыгарган. Милиционер жараат алган.
Бул маалыматты Бишкек ШИИБинен тастыктаган.
Анда айтылгандай, түнкү саат болжол менен 1лерде белгисиз адам травматикалык тапанчадан милиция кызматкерине ок чыгарган.
Аз убакытта кылмышкердин ким экени аныкталган. Ал мурда соттолгон жаран болуп чыккан.
Укук коргоо кызматы кармоо планын Бишкек жана Чүй облусу боюнча жүргүзүүдө.