«Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча жоопкерчиликти өзүмө алаардан мурун көпкө ойлондум. Биздин энергосистемабыз идеалдуу эместигин, оңдоого муктаждыгын түшүндүм. Энергосистемада кесиби, адистиги туура келбеген кадрлар отурат деп нааразы болгон депутаттарга кошулам. Менде эми бардык маселелерди агрессивдүү жана ыкчам чечүүгө толук себеп бар», - деди Сапар Исаков.
Ал ошондой эле ЖЭБди модернизациялоону улантуу керектигин, эски жабдыктар ар кандай учурда жарактан чыгып калаарын белгиледи.