Премьер-министр Сапар Исаков «Акылдуу шаар» долбооруна инвестиция кайсы тараптан келээрин айтты.
«Жакында Кыргызстанга инвесторлордун өкүлдөрү келишип, журналисттердин бардык суроолоруна жооп беришет. «АКА минералз энд майнинг» компаниясы долбоорго чогуу инвестор болууга Beijing China Veterans Lingxin Capital Management компаниясын тапты. Болбосо өкмөткө бул долбоорго 9 миллион доллар коротууга туура келмек», -деди Исаков.
Ал өкмөт башчысы катары башкы максаты аталган долбоорду ишке ашыруу экенин белгиледи.
«Бул жолу баарын туура жасадык деп ойлойм. Мамлекетибизге түз инвестиция келип атат, мында мамлекет үчүн коркунуч жок», - деп кошумчалады.