Сузак районундагы Ленин айыл аймагында жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Бул тууралуу аймактык ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1966-жылы туулган А.Б. аттуу жарандын күч колдонулуп өлтүрүлгөн жансыз денеси 28-январда өз үйүнөн табылган. Милицияга аялдын туугандары телефон чалып кабарлашкан.
Аял мектепте мугалим болуп иштеп, үйүндө жалгыз жашачу. Эки баласы чет өлкөгө иштөөгө кетишкен.
Окуя болгон жерге Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барган. Үйдөгү көрүнүшкө караганда, аял кол салгандарга каршылык көрсөткөн.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Кылмыш болгондун төртүнчү күнү кылмышка шектүү колго түшкөн. Ал ошол эле айылдын 1965-жылы туулган тургуну Б.Р. аттуу жаран болуп чыккан.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, шектүү мас абалында аялдын үйүнө келип, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Мындан улам шектүү аялды сабаган. Аял алган жараатынан көз жумган.