Бишкек-Москва каттамындагы поездден кыргыз-казак чегарасын кесип өтүүдө жаран кармалды. Ал 2 кг героинди алып бараткан. Кармалган жаран кыргызстандык болуп чыкты.
Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Маалыматка караганда, «Мерке темир жолу» чегара көзөмөлүндө кызматтык ит Кыргызстандын 55 жаштагы жаранынан баңгизат табууга жардам берген. Ал баңгизатты жол сумкасынын эң түбүнө каткан.