Кыргызстанда жумушсуздук боюнча каттоодо турган жаран айына 250 сом өлчөмүндөгү пособие алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

 

Айтымында, өлөдө жумушсуздук менен күрөшүү боюнча так программа жок. Кадрдык башаламандык да күчүндө, ар бир райондо бул министрликке караштуу үч кызматкер отурушат, алардын кылган иши кагаздар менен алектенүү. Мындан улам мекемеде макулатура толуп калды.

 

Депутат Карамат Орозова министрликке караштуу миграция кызматын сындады. Ал аталган кызмат иштеп аткандай түр көрсөткөнү менен жыйынтыгы болбой, чет өлкөлөргө кетип аткан кыргызстандыктар өз жеринде дагы деле татыктуу жумуш таба албаганын белгиледи.

 

 Депутат Ирина Карамушкина: «Эмнеге Кыргызстанда эмгекке орношуу боюнча берилген 14 миң квотанын 11 миңи кытайлыктарга бөлүнгөн? ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандагы тартип бузуулар боюнча Кытайдын жарандары биринчи орунда турат, аларды депортация кылышат экен, бирок, кайра эле келип алышат деп жатышат», - деди.

 

Миграция департаментинин жетекчиси Курманбек Айдаралиев бул маселе укук коргоо кызматтарына байланыштуу болоорун белгиледи.