КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдөгү жумушсуздук, ички жана сырткы миграция маселеси каралды.

 

 Депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.  

 

«Министрлик жөлөк пулдар боюнча программаны жакшы алып кете албай жатат. Силерде өлкөдө кандай адистер жетишпей турганы тууралуу маалымат барбы?» - деп сурады депутат.  

 

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызтанда тоо-кен тармагынын адистери жетишпейт. Ошондой эле айыл чарба, соода жана билим берүү тармактары да адистерге муктаж.

 

«Мындай адистердин 70 пайызын адистештирилген лицейлер жана ЖОЖдор даярдашат. Бирок, бизде айлык акы төмөн болгондуктан, алар окууну бүтүп чет мамлекеттерге кетип жатышат», - деди министрликтин өкүлү.

 

Депутат Евгения Строкова өлкөдө эмгек ресурстары туура эмес бөлүштүрүлөөрүн белгиледи:

 

«Эмгек коопсуздугу сакталбайт, жумушчуларга керектүү шарттар жок», - деди ал.