Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2017-жылдын соңуна карата 4 миллиард 530 миллион долларды түздү. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.

 

Айтымында, сырткы карыздын суммасы 4 миллиард 81 миллион долларды  (280 млрд 905 млн сом), ички карыз 449 миллион долларды (30 млрд 941 млн сом) түзөт.

 

Министрдин белгилешинче, 2017-жылы Россия менен 240 млн доллар карызды кечүү боюнча келишимге кол коюлган.

 

«Келишим Мамдумда ратификациядан өттү. Февралда документке Россиянын президенти кол коет деп ишенип турабыз. Ошондо, карызыбыз азаят», - дейт Касымалиев.