Кечээ Бишкектеги №1-тема болгон ТЭЦ маселеси убактылуу экинчи планга жылып, коомчулук Ош базарын карап эле жатып калды. Иш күнү эми башталган чакта базарга кире бериштеги “Сейтек” дүкөнүнөн өрт чыккан. Базардын азык-түлүк саткан бөлүгүнө кире бериште жайгашкан имарат өрттөнүп, коюу кара түтүн абаны каптап турганын видеолордон көргөн эл жакасын кармап, тобо келтиришти.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө алгач беш топ, андан кийин дагы беш топ жөнөтүп, араң дегенде түштөн сааттын жебеси оой башатаганда тилсиз жоону токтотушту. Ал ортодо өрт чыккан дүкөндөрдүн сатуучулары жер төлөдөгү товарларын алып чыгууга аракет жасап, буга тоскоол болгон милиция кызматкерлери менен чыр да чыгып кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул адамдардын өмүрүн ойлоп жолду тоссо, соодагерлер кредитке алган буюмдарын сактап калууга жанталашканы түшүнүктүү. Баарынан да эми бул байкуштардын тагдыры эмне болот? Себеби, алардын дээрлик баары кредитке товар алып оокат кылып жүрүшкөн.

 

Эл деген эл экен да. Айрымдар “өрттү бийлик атайылап, элдин көңүлүн ТЭЦ маселесинен башкага буруу үчүн чыгарды”- деп айтууга да үлгүрүштү.

 

Бирок, кайсы бийлик ушундай акмакчылыкка бармак эле? Жөн гана аргасыз келген балакет ой. Кыргызда муну каргаша деп коёт. Эмки башкы маселе – өрттүн чыгуу себебин аныктап, күнөөлүүлөрдү таап, жабыркаган соодагерлердин чыгымын калыбына келтирүү. Ушул ишти өкмөт жасай алса, алкышка гана татыйт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити