Социалдык фондго болгон карыздар азайып жатат. Мисалы, 2016-жылы соцфондго төлөмдөр боюнча карыз өлчөмү 38,8 миллион сом болсо, бул көрсөткүч 2017-жылы 29,3 миллион сомду түздү. Демек, 9,5 миллион сомго азайган. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Социалдык төлөмдөрдү жыйноо жагы да абал жаман эмес: 2016-жылы 691 миллион сом жыйналса, 2017-жылы 718 миллион сом жыйналган. Демек, 27 миллион сомго өсүү болуп, өсүү темпи 103,9 пайызды түздү.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияларды төлөө үчүн 473,9 миллион сом керектелсе, каржыланганы 473,9 миллион сом болуп, керектөө 100 пайыз камсыз болду. Же болбосо пенсияларды төлөө үчүн орто эсеп менен ай сайын керектелүүчү сумма 39,5 миллион сомду түздү.
Өткөн жылы 635 пенсионерге жаңыдан пенсия чектелип, 945 пенсионерге топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп берилди. Биринчи октябрдан баштап кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 5228 сомго жетти.
Быйылкы 1-январга карата шаарда 7944 пенсионер каттоодо турду.