Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан хазрат Аббясовду кабыл алды.

 

Буга быйыл апрелге белгиленген Бишкек шаарындагы  III эл аралык илимий-диний конференция себеп болду. Ага Орусиянын муфтийи шейх Равиль Гайнутдин дагы катышмакчы.

 

Өз ара сүйлөшүү маалында Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана муфтийлер Кеёешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан хазрат Аббясов «Диний Жибек Жолу» заманбап долбоорун жүзөгө ашыруу зарылчылыгын баса белгилеп, мусулмандар, айрыкча жаштар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, ооздуктоо багытында ишти дагы ого бетерн күчөтүү жагын сүйлөшүштү.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,    «Саясат. kg».