31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланды.
Жыйынга Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.
Сапар Исаков эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын, ал эми мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого тапшырма берилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чараларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлөт.
“Бишкек ЖЭБинде болгон авария уюштуруу иштеринен кеткен. Тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин уюштуруу, көзөмөлдөө иштеринин жоктугунан – шалаакылыктан болуп жатат”,- деген депутат Иса Өмүркулов авария башынан аягына чейин тыкыр иликтениши керектигин айтты. Депутат Алтынай Өмүрбекова баардык көйгөй энергетика секторундагы башкаруу түзүмүндө болуп жаткандыгына токтолду.
Депутат Кожобек Рыспаев буга чейин эле буу казандардын жаңысын иштетип, эскисин ремонттоп резервге койсо болмок деп маселени кабыргасынан койду. КР өкмөт башчысы Сапар Исаков мындай иштердин баары иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкка чыгаарын айтты.
Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Энергетика министрлигин кайра түзүү сунушу менен чыкса, депутат Асылбек Жээнбеков маселе башкаруу кризисинде болуп жатканын белгиледи.