Картинки по запросу момбеков и бекешев 

Депутат Дастан Бекешев бүгүн кечке дейре Бишкек ЖЭБиндеги аварияны талкуулай бергендиктен башы ооруп кеттиби, талкууну токтотууну сунуштады. Ал суроолор кайра кайталана баштаганын айтып, фракциялардын бирден-экинден өкүлүнө гана сөз берүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

Бул депутат Рыскелди Момбековго жакпады.

 

«Кимдир бирөөнү жактабай эле коюӊуз! Шашып атсаӊыз жылуу кабинетиӊизге бара бериӊиз.  Же Сапар Исаков качып кетет бекен? Биз жуурканга жамынып, алты күн күттүк. А сиз болсо суроолорду токтоткула дейсиз?!» - деп кыйкырды Бекешевге.

 

«Бул жерде нөөмөттөгү депутаттар жок. Сизге керек учурда сиз дагы качасыз! Суроолор ЖЭБге эмес, жалпы энергия тармагына тийиштүү боло баштады», - деди Бекешев.

 

Картинки по запросу момбеков и бекешев 

 

Белгилей кетсек, талкууга 76 депутат жазылып, анын 24үнө гана сөз тийди.