- Аба ырайынын кескин катаалдагандыгынан улам 28-январда Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулуп, билеттер Ошко которулган. Ошондуктан, ондогон жүргүнчүлөр уюштуруу иштери начардыгына нааразыланып, Ош шаарына дейре транспорт уюштуруп берүүнү Жарандык авиация агенттигинен катуу талап этишкен. Бирок, аталган авиакаттамды аткарган “Тез жет” авиакомпаниясынын өкүлдөрү аба ырайына байланыштуу ушундай жагдай жаралгандыгын жана Ош аэропортуна чейин жүргүнчүлөрдү жеткирүү алардын милдетине кирбей тургандыгын айтышкан. Ошондон улам Жалал-Абад аэропортунда жарандар кыска мөөнөттө нааразылык уюштурууга үлгүрүшкөн,- деди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев. – Сөз жүрүп жаткан багыт боюнча шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү гана бирден каттам жүрөт. Жүргүнчүлөрдү “Авиа трафик” жана “Тез жет” компаниялары тейлешет.

 

Баса, соңку күндөрдөгү абдан катаалдаган аба ырайына байланыштуу Жалал-Абад шаарында эле эмес Ош калаасында дагы Бишкекке авиакаттамдар аткарылбай калган учурлар тез-тез катталууда. Мунун кесепетинен улам таксилердин наркы дагы 300-400 сомго кымбаттады.

 

Бул маселе учурда Жогорку Кеңещте дагы кызуу талкууга алынып жатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз