Өткөн жылы Жалал-Абад шаарындагы балдардын катышуусу менен жасалган кылмыш фактылары көп катталса, алардын көбүн башка район-шаардан келишкен өспүрүмдөр жасашкан. Алардын эсебинен шаарда өспүрүмдөр кылмыштуулугунун саны өсүп жатат.

 

Мисалы, өткөн жыл ичинде шаарда өспүрүмдөргө карата 26 кылмыш иши козголгон, алардан 19у Сузак, бирөө Базар-Коргон районунун, ал эми алтоо шаардын өспүрүмдөрү болушкан. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан жыл ичинде укук тартибин бузган 130 бала тизмеге алынган. Азыркы учурда алардан 18 жашка чыккан жана жүрүм-турумунда жакшы өзгөрүүлөр байкалган балдар ал тизмеден чыгарылган.

 

Катталган балдардын арасынан 25и мектеп окуучулары эсептелет. Жалпы катталган өспүрүмдөрдөн учурда 44 бала тизмеде калып, 86 бала тизмеден чыгарылган.

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн өкүлүнүн айтымында, сырттан келип, шаарда укук тартибин бузгандардын эсебинен шаардагы өспүрүмдөр катышкан кылмыш статистикасы өсүүдө.

 

- 2016-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 16 кылмыш иши катталган. Алардан кылмышка катышкан 7 өспүрүм мектеп окуучулары болгон. Демек, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жашы жете электердин катышуусундагы кылмыштар 10го көбөйгөн. Анткен менен бул катталган кылмыштардын көбүн областтын башка район-шаарларынан келген өспүрүмдөр жасаган. Кылмыш иши шаарда катталгандыктан, алардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болууда,- дейт ал.

 

Эскерте кетсек, 2017-жылы жалпы кылмыш иши менен катталган жашы жете электерге сот тарабынан чечимдер чыгарылып, 6 өспүрүм бир жыл сыноо мөөнөтү менен үй камагына алынган болсо, ал эми 3 бала соттун чечими менен эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү менен үй камагына чыгарылган.