Бул тууралуу жол кыймылыгын коопсуздугу боюнча Башкы башкармалыктан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусундагы  жол кыймылын көзөмөлдөөчү  кызматкерлер бир жумада автоунааны мас абалында башкарып бараткан 46 айдоочуну токтотушуп, кармашкан.

 

22-январдан 28-январга чейин  Ысык-Көл ИИБинин жол коопсуздугун камсыздоочу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1101 административдик мыйзам бузуу фактылары катталган. 46 айдоочу мас абалында автоунаа башкарганы үчүн кармалган. 162 айдоочу жолдогу белгилердин талаптарын аткарышпаган. Жүргүнчү ташуу милдетин аткарган 9 автоунаанын айдоочулары техосмотр көрсөтө алышпаган.

 

 Мындан улам атайылаштырылган унаа токтоотучу жайга 63 машине киргизилди.