Интернетте өздөрүн Казакстан түрмөлөрүндөгү “кыйноо, уруп-согуу жана киши өлтүрүүлөргө күбө болгонбуз” деп тааныштырган кишилердин видеожазуулары тарады.

 

Он бир жыл мурун Сарыагышта соттолуп, азыр Семей шаарынын ОВ-156/14 мекемесинде жазасын өтөп жаткан Азат Сатышевдин туугандары ал “түрмөдөгү уруп-сгуу менен кыйноолорго каршылыгын билдирип мык жутуп алганын” айтышты. Сатышев менен акыркы жолу январдын ортосунда жолугушкан туугандары анын ден соолугуна кабатыр болушууда.

 

- Эжеси экөөбүз бардык. Урбасын деп мык жутуп алыптыр. Аны сабашат. Абдан арыктап кетиптир. Денеси көгөргөн. Уруп-согушкан. Эми аны дагы катаал режимдеги көзөмөлгө алабыз деп жатышат. Ал жерге камалса, чыкпай калышы мүмкүн, - деди аялы Акмарал Сатышева.

 

Анын айтымында, күйөөсү Туштүк-Казакстан облусундагы түрмөгө которушканга чейин ашказанындагы мыкты алып таштоого каршы чыгууда. “Себеби ал быш жыл көргөн кордуктарынын кайталанышын каалабайт”, - деди аялы.

 

Укук коргоочу Елена Семенова Семейдеги ОВ-156/14 мекемесинде жазасын өтөп жаткандардан буга чейин дагы кыйноолор тууралуу маалыматтар түшүп турганын белгиледи.

 

Чыгыш-Казакстан облустук прокуратурасынан мык жутуп алган жарандардын туугандары жергиликтүү прокуратурага же кылмыш-жаза департаментине арыз менен кайрылышы керектигин, болбосо текшерүү мүмкүн эместигин билдиришти.