26-январда интернет тармагына эки бомжду кыстоого алып, мазактап, кордоп жаткан милиция кызматкеринин видеосу тараган. Күбөлөрдүн айтымына караганда, камера күйгүзүлгөнгө чейин милиционер үй-жайсыз эки адамды сабаган. Видеодон тартип сакчысынын адепсиз сүйлөп, түкүргөнүн да көрүүгө болот.

 

«Бул факт боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын жүрүшүндө, видеодогу кызматкердин кимдиги аныкталган, ал Биринчи май райондук кайтаруу бөлүмүнүн кызматкери Т.А. болуп чыккан.

 

Айтымында, окуя 2017-жылдын 29-декабрында Бишкектин Совет жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон», - деп билдирет ИИМ.

Мас абалында кызматтык деңгээлине туура келбеген кадамга барганы үчүн ал кызматкер жумуштан айдалды.