Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөөгө алат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, террористтик аракеттерге каршы иш чаралардын алкагында УКМК ЖЭБдеги аварияны да иликтейт. Анын жыйынтыгы кечирээк жарыяланат.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБде авария болуп, айрымдар муну «диверсия» деп да атап жиберишкен.