«Түндүкэлектро» ААКсынын билдиргенине караганда, трансформатордук станциялар чоң басымдарга туруштук бере албай калды. Анын кесепетинен Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калышты.

 

Маалыматка таянсак, түштүк кичирайондору: «Асанбай», №5, 7, 9, 11 кичирайондордо жарык жок. Ошондой эле Чокморов, Үмөталиев, Бөкөнбаев, Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү да айрым үйлөрдө жарык өчүрүлгөн.

 

Учурда кесепеттерди жоюунун үстүндө 17 бригада жана Сокулук жана Аламедин райондорунан келген 4 бригада иштеп жатат. Акыркы суткада тармакка басым 30-40 пайызга жогорулаган.