Депутат Дастан Бекешев  КР Башкы прокуратурасына Бишкек ЖЭБиндеги жабдыктардын иштен чыгуусуна жол берген тараптарга «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин ачууну сунуштады.

 

Анын айтымында, Башкы прокуратура аязда адамдарды жылуулуксуз калтырган адамдарга  «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин ачууга тийиш. Жөн эле кызматын тапшырып берүү менен эч ким кутулуп кетпеши керек. Октябрда күн жылуу учурда ЖЭБ кубаттуулукту күчөтүп жылуулук берип, аяздуу суукта элди тоңдурду» - дейт депутат.

 

Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде 26-январда кечинде авария болгон. Бир суткадан кийин гана авариянын себеби аныкталып, калыбына келтирилди дегени менен жылуулук батирлерге толук кандуу берилген жок. Шаардагы көп кабаттуу батирлерге жылуулук жөнөтүлдү деп кечээ, 28-январда расмий билдиришкени менен ушул тапта да айрым үйлөргө жылуулук жете элек. Акыркы маалыматтарга караганда, КР Башкы прокуратурасы, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамкызматы Бишкек ЖЭБиндеги абал боюнча иликтөө жүргүзө баштады.