28-январда саат 11:42де өрткө каршы кызматына телефон чалуу болуп, анда 3-кичирайондогу 24-үйдөн өрт чыкканы маалымдалган.

 

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге өрт өчүрүү кызматкерлери жана куткаруу кызматынан бир экипажы жөнөп кеткен.

 

Октябрь ИИБинин кызматкерлери өрт болгон жерди курчоого алып, Тез жардам кызматы истен жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн.

 

Тилекке жараша жабырлануучулар жана курмандыктар жок.

 

Өрт  төрт кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн электр зымдарынын туташуусунан келип чыккан. Жыйынтыгында, 20 чарчы метр жер күйгөн. Үйдүн жашоочуларынын жеке буюмдары өрт алдында калган.

 

Ал үйдөн 20 адам эвакуацияланды, анын 11и жаш балдар. Алар «Алтын ажыдаар» мейманканасына жайгаштырылган.