Бишкектеги жылынуучу жайларга бир түн ичинде бир нече үй-бүлө кайрылышкан. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдирди.
Айтымында, кайрылгандардын экөөсү балдарды реабилитациялоо борборуна, дагы эки адам №95 орто мектептеги жайга жайгаштырылган.
«Октябрь районунда эки мейманкана түздүк, анын бирине 15 адамдан турган беш үй-бүлөнү жайгаштырдык. Негизинен «Ардагер» пансионуна көбүрөөк кайрылышат го дегенбиз, бирок, ал жакка кайрылуу болбоду. Түн тынч өттү», - деген вице-мэр.
Ошондой эле, Рыскулованын айтымында, шаар боюнча 40 чатыр тигилип, ысык чай берилүүдө. Ага жолоочулар жана жумушчулар кирип чай ичип атышат. Шаар жылуулук менен толук камсыз болмойунча жылынуучу жайлар иштей берет.