Премьер-министр Сапар Исаков Бишкекте тез арада адамдардын жылынуусу үчүн жайларды ачууну тапшырды. Ошондой эле жылуунучу жайга келген адамдарга жылуу жууркан таратылып, ысык тамак да берилет.
Өкмөт башчы мындай демилгени Бишкек ЖЭБдин аварияга учурап, көп кабаттуу батирлер жылуулуксуз калгандыгы үчүн көтөрдү.
КР өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул үчүн каражат бөлүндү.
Коомчулук жууркан таратуу демилгени сынга алышууда. Соцтармактарда Сапар Исаковдун «Кырк кадам» программасынын бир кадамы жууркан таратуу болгонуну белгилешип, бул өкмөткө «жууркан өкмөт» каймана атты ыйгарышты.