Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу маалымат жыйынында айтты.

 

Айтымында, суу жылыткыч үч эски казандын жарылуусунан улам авария келип чыкты деген маалыматтар чындыкка коошпойт.

 

«Авария химиялык тузсуз суунун трубо өткөргүчтөн агып кеткенинен улам пайда болду. Анын себептери иликтенүүдө», - деди ал. 

Ошондой эле, анын айтымында, жаралган кырдаал диверсияга окшошпойт.

 

26-январда, өлкөдөгү эң бир аяздуу күндөрдө кечке жуук 18,00дөн тартып Бишкек ЖЭБинин иши солгундап, калаадагы көп кабаттуу батирлерге жылуулук бери ылдыйлаган. Бир аз гана жылымык тарткан батареялар батирлерди жылыта албай, калктын нааразычылыгы пайда болду. Өкмөт башчысы Сапар Исаков ЖЭБке барып, абал менен жеринде таанышып, айыптуулар жазаланышаарын белгилеген. Бишкек ЖЭБинин жетекчиси жоопкерчиликти алып, керек болсо кызмат ордун бошотуп берээрин да жарыялады. Дагы кайсы чиновник өзүнүн айыбын сезип, элди кыйын күнгө туш кылганы үчүн кызматынан кош айтыша алаар экен?

 

Айрымдар бул ишти Албек Ибраимовду мэрликтен кетирүү  үчүн атайын жасалды деп баса белгилешүүдө.

 

Белгилей кетсек, ЖЭБ өткөн жылдын жай айында эле кытай компаниясы тарабынан 386 миллион долларга оңдоодон өткөрүлгөн.