Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, АКШ жаранын тоноп кетишкен. Жабырлануучу белгисиз адамдар анын акчасы бар капчыгын алып, колун да аз жерден кайрып сала жаздашкан. Милиция кызматкерлери тоноого катыштыгы бар адамдарды кармашты.

 

 Ал Бишкектин 21 жаштагы жараны болуп чыккан. Убактылуу жайга киргизилип, карактоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду.