Улуттук госпиталдын канн-тамыр хирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан оорулуулар палаталардын суук экенин айтып, даттанышкан. Бул тууралуу алар соцтармактарга билдирүү калтырышкан. Айтымдарында, палатадагы батареялар жылымык, а дарыгерлер оорулууларга үйлөрүнөн жылыткычтарды алып келип сайып алууларын айтышкан.

 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталга барып, акыбал менен таанышып кайтты. Ал айрым палаталар чындап эле суук экенин айтып, бирок, оорукана бардык палаталарга жылыткыч сайып бере албастыгын, анын үстүнө эски электр зымдары мындай чоң кубаттуулукка туруштук бере албастыгын билдирген.

 

Министрдин айтымында, Улуттук госпитал саламаттык сактоо жаатындагы эң бир эски имарат, ага бул жылы 140 жыл толот.

 

«Оорукананын кызматкерлери оорулууларга кошумча одеало беришет, Оорулуулар  жылуу кийиниши керек. Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз», - дейт Талантбек Батыралиев.