Бишкектеги жогорку кубаттуулуктагы линиялардагы авариялык өчүрүлүүлөр байкалбайт.

 

Бул тууралуу «Түндүкэлектро» ААКсынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, электрэнергия штаттык режимде берилүүдө. Төрт жолу гана кыска убакыттагы өчүрүүлүлөр болгон. ААКтан белгилешкендей, электрликтер штаттан тышкаркы ар кандай кырдаалдарга даяр турушат. Бишкекте 17, Чүйдө 42, Таласта 17 авариялык бригада ишке тартылган.

 

 «Түндүкэлектро» 18.00дөн 22.00гө чейин электртармагына эң чоң күч түшкөн учурда жылыткыч печтерди жана башка жылыткыч буюмдарды сайбоого чакырат.

 

ААК ЖЭБдеги авариядан улам электрэнергиясына көп күч келээрине даяр, бирок, шаардыктардан электрэнергияны сарамжалдуулук менен колдонуп, тармакты сактоону суранышат.