Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында 45 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

 

Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

 

 Маалыматка караганда,  27-29-январда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 20…25 градус, күндүз 13…18 градус суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн 25…30 градус, күндүз 15…20 градуска чейин суук болот.

 

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 11…16 градус, күндүз 2…7 градус суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 17…22, күндүз 4…9 градуска чейин төмөндөйт.  

 

Ттоо этектеринде түнкүсүн 23…28 градус, күндүз 13…18 градус суук болот.

 

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 40…45 градус, күндүз 28…33 градуска чейин суук күтүлөт.