Бишкек ЖЭБдеги кырдаал азырынча жөнгө салына элек.
Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, 26-январда саат 18.00дө "Электр станциялары" ишканасы Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыгына байланыштуу жылуулук кубаты 340дан 154 мегаваттка ылдыйлаганан билдиришкен.
Аталган ишкана Бишкектеги жылуулук маселеси чечилип жатканын айтышууда.
Бишкектеги көп кабаттуу батирлердин жашоочулары батирлери суук болуп жатканына нааразычылыктарын билдиришти.