"Республика- Ата Журт"  к фракциянын  жыйынында Кыргыз Республикасындагы сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат айтылды. 

 

 

"Жыл сайын сот органдары тарабынан 300дөн ашуун кылмышка шектелген адам акталат. Мисалы, 2013-жылы 315 адам, ал эми 2015-жылы 310 адам акталган. Көп деле өзгөрүү жок. Демек, алар акталып жаткан соӊ, кылмыш иштери туура эмес козголгон да, туурабы?" - деген депутат    Кенжебек Бокоев  туура эмес кылмыш ишин козгогон канча тергөөчү жоопкерчиликке тартылганына кызыкты.

 

Башкы прокурордун орун басары Нурбек Дүйшөмбиевдин айтымында, чындыгында эле кылмышка шектелген адамдардын акталган учурлары бар. «Мындай чечимдер чукул чакырылган кеӊешмеде тергөөчүлөр менен прокурорлордун катышуусунда каралып, жогорку инстанцияларга даттанылат. Менде канча тергөөчүнүн жоопкерчиликке тартылганы боюнча так маалымат жок, бирок, эсе сала кетчү нерсе, Жогорку соттун чечими акыркы чечим болуу менен, даттанууга жатпайт», - дейт ал.

 

Прокуратуранын жазалоочу органга айланып калганын айткан депутат Кенжебек Бокоев келечекте бул органды жоюп, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу иш-милдетин Юстиция министрлигине өткөрүп берүү зарылдыгын белгиледи. «Прокуратуранын башкы милдети адамдарды камоо болуп калды. Жыл сайын 300дөн ашуун кылмышка шектелген адам акталат экен. Ал эмне үчүн ошол акталган адамдардын укугу менен адамдык абыроюн сактагысы келбейт? Ошондуктан, анын иш-милдетин Юстиция министрлигине берип, министр-прокурорду дайындоо керек», - дейт ал.

 

Белгилей кетсек, парламенттик фракциянын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасындагы сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат угулууда.