Бишкекте ушул жылдын башынан бери сууктан 15 адам каза тапкан.

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, каза тапкандардын баары үй-жайсыз адамдар.

 

Белгиленгендей, жыл башынан бери Бишкекте көчөлөрдөн 15 адамдын жансыз денеси табылган. Соттук медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал адамдар сууктан тоңуп өлгөнү белгилү болгон.

 

Мындан улам атайын рейд жүрүп, үй-жайсыз адамдардын саны аныкталып, аларды убактылуу башкалка берүүчү жайларга орноштурушкан.