Тагдырдын эрке талтаӊындай эле бийликтин улам бир бийигинде талтаӊдаган Кубанычбек Кулматов калаа башчысы кезинде эле эрке талтаӊдыгын көргөзүп, таптакыр иштей албай же иштегиси келбей койгонун кантип унутабыз?
Мэр кезинде тоӊ моюнданып шаардыктардын оюн укканды мындай кой, шаардык кеңештин депутаттарынын сынын дагы тоготпой коомчулук арасында нараазычылыктарды жаратпады беле. Кезегинде жарытылуу иш жасай албаган Кулматовго ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев дагы жакшы эле «Иштей албасаӊ башка жумуш караштыр»-деп катуу эскерткендей болду эле, дээринде жок немеге сүйлѳсѳң деле сүйлѳбѳсѳң деле бир тыйын дегендей, Кулматов бул сөздү кулагынын сыртынан кетирип койгон. Кызыгы, так ушул Кулматов жаңы шаар башчылыгына дайындалып жатканда «шаардагы кѳйгѳлѳрдүн чечилбей жатканы акчанын жетишпей жатканынан эмес, башкаруудан болуп жатат» дегенин аргасыздан эстеп баш чайкайсың. Анан эле Кулматов шаар башчылыгынан кетип, майкөл-сүткөл болгон Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун басып жыгылды. Мына ошондо билдик, айрымдар ар таӊда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе айрымдар акчаны сапырып, айлыкты миллион сомдон ашуун алып жаткан өлкө бул Кыргызстан экенин. Факты керекпи, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы кезиндеКулматов Жогорку Кеӊештин жыйынына катышып жатып, депутаттардын «Канча айлык аласыз?» деген суроосуна, «биздин айлыгыбыз коммерческий тайна»-деп боорду эзген. Арийне, Кулматов ал жерден айына 15 миӊ доллар айлык алаары коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Эми болсо Улуттук банкка минди. Бул эргул жалаӊ акча сапырылган жерлерден куйругун эле култуӊдатат? Деги Кулматов Кудайдын сүйгүнчүгү болуу үчүн гана жаралганбы? Мына ушу тапта Бажы тармагын тескеп олтурат. Бирок, аталган тармакта коррупция деген кокого жетип, ал жердегилер бири-бирине алтындан шахмат тартуулап атышканы айтылууда. Ал эми коомчулукта элдер көмүр ала албай, балдары мектепке барганга батинке алпере албай олтурушат. Кулматов болсо улам куйругун бултуӊдатып миллиондоп айлык алууда. Мына ушуну ким тескейт?
Булак: “Майдан. kg” гезити