
Кыргызстан деген гана өлкөдө өз ишин билбей туруп министр болуп олтуруп алса болот. Мунун мисалдары толтура.
Айталы, баягы биз эӊ жаш министрибиз деп сыймыктанып айтып жүрөөн Уран Ахметов деген эренибиз бар эмес беле. Учурдагы Юстиция министри. Бул жигит коомчулукка “мага орусча кайрылгыла”- деп дөөгүрсүгөнү менен да таанымал. ММКларда Ахметовдун аӊыраӊдап, расмий тилде гана сүйлөгөндөрдү башкалардан өйдө койгону бир нече ирээт жазылды. Бирок, Ахметов ага карабай эле дале креслосунда. Деги бизде ушул өӊдүү акмакчылыктарды тескеп, “Эу, чык эшикке”-деп министрликтен айдап чыкчулар барбы?
Булак: “Майдан. kg” гезити