Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги бөбөктөр үйүнөн тартылып алынган тасмадан улам жаралган ызы-чуу эпке келтирилди.
Белгиленгендей, балдардын жана үй-бүлөнүн реабилитациялоо Борборунда 79 адам иштейт. Ал бөбөктөр Үйүнөн – анда учурда 51 бөбөк туруктуу жашайт – жана реабилитациялоо Борборунан – бул бала бакча катары, ага күн сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 35 баласы келет – турат.
«Борбор таза жана толук камсыз болгон. Бул жерде эч ким шарттын начардыгына жана айлыктын аздыгына нааразы болушпайт. А интернетке тараган видеону жаңы жылдын башталышында борбордо жашап жаткан эне тартып алган, ал даараткана жарым жылаңач отурган кичинекей балдарды тарткан. Бул жөн гана кокустук болгон», - дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.