Картинки по запросу камчыбек ташиев    

 

Жашырбайм, Камчыбек Ташиев өзүнүн жөнөкөйлүгү, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мекенчилдиги, жүрөктүүлүгү, атуулдук намысынын жогорулугу, чынчылдыгы, жигиттик шертке, достукка бекемдиги менен мен урматтап-сыйлаган, симпатия арткан саясатчылардын бири. Аныгында мындай сапаттары менен Камчыбек мырза башкаларан айырмаланып турат. Коомчулукта, эл арасында ар кандай кайчы пикирлерди пайда кылган бул адамдын бейнеси жөнүндө көптөн бери  сөз кылгым келип жүрчү. Ар бир нерсенин убакты-сааты чыгат тура, “Майдан.kg” гезитинин Камчыбек Ташиевди “Жылдын мыкты саясатчысы” деп табуусу, менин саясатчы тууралуу сөз кылуума түрткү берди.  

           

Камчыбек Ташиев - саясый, инсандык сапаты жагынан Кыргызстандагы эң татаал саясатчы. Башка көпчүлүк саясатчылардын конкреттүү саясый кырдаалдарда эмне кылаарын алдын ала, эртең күн нечиде чыгып, канчада батаарындай эле, так айтса болот. Анткени, күн чыккан жердин күкүгү болуп жүргөндөр, кандай бийлик болбосун алардын тилдерин таап, ыктарына көнүүгө гана аракеттенишет. Өмүрлөрүндөгү башкы максаттарды бирөөлөрдүн тамандарын жалап да болсо, майлуу кызматтарга барып, байлыктарын көбөйтүүдөн гана көрүшөт. Энесинен нааразы болуп туулгандарга Мухаммед пайгамбар мамлекет башчысы болсо деле жакпайт, алар салааларынан май чууруган кызматка коюлмайынча, жер сабап, тууралангандары туураланган. Андайлардын айрымдары кээде  өздөрү эңсеген кызматтарга да келип калышат, бирок алардын келгендеринен кеткендери  тез болууда. Анткени, башкаруу деген кыйын иш, аны алып кетүү үчүн бийликтегилерди өкүртө  сындагандан, эшик-терезелерди, сейфтерди  талкалагандарды айгактагандан  башка да жөндөм, билим талап кылынат.

 

Камчыбек Ташиев татаал инсан дегенибиз, Ак үйдүн тосмолорундагы окуялардан кийин элдин баары; “темир тордун ар жагынан эптеп чыгып алгандан кийин Ташиев элдешкис оппозициячылга айланат, радикалдарга ачыктан ачык  же тымызындан биригип, бийликтин тамырын көөлөгөнгө өтөт” дешти эле, андай болбоду. Эл негизинен К.Ташиевдин баатырдык кадамын билди, ага ушул керек болчу. Андыктан, эл тынчтыгын баарынан жогору коюп, орточулдардын катарына кошулду. 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоодон кийин Бабанов “кидать” этип кеткенде, эми ал басса-турса “Бабановду шыбап, аны дүжүр бокочого айландырганга өтөт” деп күттүк эле, жоболоңдуу Абыманап Абдыбахаповдун артынан БӨТтүн кулагы көрүнүп турса да, “Республика-”Ата Журттун” Жогорку Кеңештеги фракциясынын иштерине аны таптакыр аралаштырбай коюшса да, антпеди. Бабановдун дарегине бир жаман сөз айтпады. Президенттик шайлоого келгенде гана “мени бир алдаган адам менен экинчи кызматташпайм” деп сылык гана анын сунушунан баш тартты. Камчыкебиз 2011-жылдан берки шайлоолорго аябагандай көп каражатын сарптады. Бирок, айрымдардай “мен мурда Кыргызстандагы  жүз  байдын бири элем, эми минтип  200дүн бири болуп калдым” деп ыйлактабады. Канча чоң чыгымдарга учураса деле, чык татырбас Чынарбайга же Плюшкинге айланбастан, колундагыларга шүгүр кылып, мурдагыдай эле айылындагыларга жардамдарын аябай келатат. Мурда өз каражатынын эсебинен өз айылындагыларга гана эмес, башка бир катар элдүү пункттарга спорттук жайларды курдуруп берсе, быйыл Сузактын Боз-Чычкан айылындагы 2 чакырым жолго асфальт төшөттүрдү. Баарынан да анын жолдун ачылышына арналган салтанатка балдарынын баарын ээрчитип келип, аларды да өз тиричиликтеринен арткандарын дайыма эл менен бөлүшүүгө чакырганы – андагы элге аябагандай жакшы таасир калтырды, башка байларга сабак болду.

 

Кудайга шүгүр, бизде долларлык миллионерлер жетишерлик, бирок алар балдарын андай иштерге үндөмөк түгүл, өздөрү  айылындагылардын көйгөйлүү маселелерин чечкенге  жардам бергендигин уга элекпиз. Айрымдары көпүрө же мечит курганга, же атасынын, же апасынын атындагы мектепке, бала бакчага белгилүү суммадагы акча бергендиги айтылып калат, бирок Камчыкебиздей  жердештеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө такай жардам көрсөтүп  келаткандары жок. Алар адатта өздөрүнүн кичи мекендерин шайлоолордо жана баштарына бир иш түшкөндө гана эстешет.

 

Бабановдун акыркы  президенттик шайлоодо 200-250 миллион доллардын тегерегинде каражат чачкандыгы айтылууда. Эгерде ал  анча акчасын  Кыргызстандын ар жерине зарыл социалдык түйүндөрдү курдуруп, бей-бечараларга жардамга жумшаса, эл аны өзү эле президент кылып шайлап алмак. Бирок, ал  жалпы республикалык долбоорду ишке ашырмак  түгүл кичи мекени Таластагы көп жылдардан бери бүтпөй турган К.Медетбеков атындагы драма театрдын курулушуна деле тыйынча жардам көрсөтпөптүр. Ал эми Камчыкебиз болсо, айылындагы калган көчөлөрдү да оңдоого, жаңы спорттук жайларды курууга белсенүүдө.

Өткөн президенттик шайлоонун алдында Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев сыяктуу саясатчылар менен көпкө кеңешти, аларды прагматикалык конструктивдүү позицияга келтирүүгө аябай аракеттенди. Анысынан эч нерсе чыкпагандан кийин башкалардай шарттарды, ультиматумдук талаптарды коюп отурбастан  Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыкты. Албетте, бийликтин талапкерин колдоого алуусу кээ бирлерге жакпашы мүмкүндүгүн эң сонун туйду, бирок ал эң ириде  өлкөдөгү стабилдүүлүктү, эл арасындагы ынтымакты жогору койду. Эл үчүн бул  күтүлбөгөн окуя болду. Анткени, коомдо үчилтик биригишип, өздөрүнөн бирдиктүү талапкер чыгарышат, аларга бозгон-тозгондордон да кошулушса, сезилерлик күчкө айланат деген пикир калыптанып калган. Ал жалданма серепчилердин жоромолдору эмес, объективдүү шартка ылайык келген реалдуу эле нерсе болчу. Бирок, элдин кызыкчылыгы үчүн мурда атаандаш тарапта жүрсө да КСДПдан сунушталган талапкерди колдоону туура көрдү.

 

Ырас, Камчыбек Кыдыршаевичтин жакшы сапаттары менен кошо кээде аша чаап кетмей жактары да бар. Бирок, элдин, мекендин кызыкчылыктарына келгенде ал өз кызыкчылыктары түгүл, өмүрүн да тобокелге салып жибергенден кайра тартпай турган эрдиги, аябагандай чоң мекенчилдик сапаты бар экендигин душмандары да моюндашат. Кыргызда мындай адамдарды айкөл жигит деп коюшат. Айкөл адамдардын Манас бабабыздыкындай майда-чүйдө нерселерге келгенде адашып, жаңылып, алданып, аша чаап кетмейлери  да болот, анткени алар башкаларды да өздөрүндөй ойлошот, адамдарга карата ишенимдери абдан жогору болот. Бирок, айрым маселелерде алданса, адашса да, мекендин, элдин  кызыкчылыктарына келгенде андай инсандарды эч ким жаңылта да, адаштыра да албайт. Алар элдин, мекендин кызыкчылыктарына каршы кенедей иш кылгандан көрө өмүрлөрүн курман кылганды артык көрүшөт. Камчыкебизде  андай күчтүү сапаттар бар, ал 2010-жылдагы түштүктөгү кандуу коогалаңдарда ачык көрүнгөндүгүн жакшы билебиз. Ал кандуу кагылышуулар башталгандан тартып, абал тынчыганга чейин  тилектештери менен бирге элди сабырдуулукка, ынтымакка, экстремисттердин азгырыктарына кошулбоого үндөп Жалал-Абаддагы, Оштогу элдин арасында жүрдү. Ызыранган топторду тосуп чыгып, аларды ынанымдуу сөздөрү менен акылга келтирип, артка кайтарган,  кайчылаша октор атылып, адамдар өлүп жаткан жерлерге жалгыз барып, кыргынды токтоткон учурлары да болду. Сузактагы ошондой учурлардын бири жөнүндө интервьюларында: “машиналарды баррикада кылып алып, аларга жашынып, ок жаадырып жатышкандар менен  сүйлөшүп бүтүп артка кайтканымда  качан аркамдан атып жиберишет экен деп келаттым. Далдаага  жеткенимде гана тирүү калгандыгыма ишендим” деп айткан,  аны күбө болгон  ондогон адамдар ырасташкан. Азыркы саясатчылардан мекенге оор күн түшүп турган мезгилде  коогалаңды токтотуу үчүн антип өмүрүн тобокелге салгандар барбы? Болсо да өтө эле  аз.

 

Орустарда мындай адамдарды “цельная натура” деп коюшат. Андай адамдарда майдачылдык, кекчилдик болбойт. Камчыбек Кыдыршаевичте чындап эле андай сапаттар жок, кээде алабармандыкка алдырып жибермейи болсо, акыркы жылдарда анысы да калды окшойт. Анткени, мезгилден, тажрыйбадан өткөн тарбиячы жок. Анан орустарда  “за одного битого, двух небитых дают” деген да сөз бар. Камчыкебиз саясатка аралашкандан бери өлүмдөн башканын баарын көрүп чыкты, бирок эч качан досторун, санаалаштарын сатпады, абийирине каршы иш кылбады. Андай   “битый” адамдарга ишенсе, чочулабастан “чалгынга бирге барса” болот.

 

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Майдан. kg" гезити