Картинки по запросу камчыбек ташиев 

 

- Мен сүйүп окуган, андагы макаларга терең анализ берип, мактоого татыган гезиттердин эң мыктысы “Майдан.kg” гезити. Гезиттин эмгек жамаатын жана окурмандарын бүгүнкү 7 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм. Гезиттин арышы кенен, таскагы катуу болсун. Мындан ары да макалалардын мыктысын, жакшысын, коомго пайдасы тийгенин жазып, гезиттердин эң алдыңкы сабында болгула. Мындан ары да чындык үчүн күрөшүп,  калыстыкты туу тутуп, позицияңардан тайбагыла. Көшөргөн эмгегиңердин жардамы менен ийгиликтерди багындырып,  коомдо агартуучулук миссияны аткаргыла. Мамлекетибиздин өнүп-өсүшүнө салым кошкула.

 

 

 

Белгилей кетсек, “Майдан. kg” гезити 2017-жылдын акыркы айынын акыркы күндөрүндө  туулган күнүн белгиледи. Туруктуу көз карашты карманып, тең  салмактуулугун жоготпой сактап келаткан гезит 7 жашка толду.