Картинки по запросу президентская елка 2018 бишкек   

 

Жыл сайын салт болуп калгандай Жаңы Жылга жакын борбор калаада президенттик балаты майрамы өткөрүлөт. Аты айтып тургандай президенттин катышуусундагы балатыга өлкөнүн туш тарабынан окуудагы мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган, облустук жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энесинен ажыраган балдар келишет. Бирок, дайым эле бул эреже сактала бербестиги айкын болду. Анын мисалы – Баткен облусунун жетекчилиги президенттик балатыга билим мыктыларын, же ата-эне мээриминен ажыраган балдарды эмес, облустун аткаминерлеринин уул-кыздарын тизмеге илип коюшкан.

 

Президенттик балаты бүгүн, 28-декабрда Бишкекте болду. Ага Баткен облусунан 21 окуучу келген. Ал 21 окуучунун баары эле  эрежеге ылайык тандалбаган. Бул тууралуу  балдары  окууда мыкты көрсөткүчтөргө жеткенине карабай, карапайым үй-бүлөдөн болгону үчүн «айыпталып», президенттик балатыга катышуу мүмкүнчүлүгүнө туш келбей калган окуучулардын ата-энелери маалымат каражаттарына билдиришкен.

 

Маалыматка караганда, президенттик балатыга Баткенден келген окуучулардын арасында Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Чынара Саттарованын 3-класста окуган баласы Б. Шамшиев жана социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Алижан Абдыкалыковдун 6-класста окуган небереси Д. Эргешов бар. Бул балдар Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орус мектепте окушат жана алардын окууда башка балдардан айырмаланган мыкты жетишкендиктери жок, облустук жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болушпаган. Көп окуучунун катарында алдыга да чыкпай, артта да калбаган балдар. Жалгыз артыкчылыктары – биринин энеси, биринин чоң атасы облустун белдүү  кызматтарын аркалап, президенттик балатыга барчу окуучулардын тизмесин түзүүдө таасирин тийгизүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Белгилей кетсек, аталган мектептен президенттик балатыга эки окуучу гана жөнөтүлгөн, экөө тең аткаминерлердин урпактары.

 

 

Картинки по запросу алижан абдыкалыков(Алижан Абдыкалыков)  

 

Албетте, биз жаш балдардын психологиясын бузуудан, аларды жаманатты кылуудан алыспыз. Бирок, кызматтагы эне менен чоң ата биринчи кезекте балдарын өздөрү ойлошу керек эле. Алар балдарын борбордогу республикалык балатыга барчулардын тизмесине кошуу менен бул майрамга катышууга чыныгы татыктуу эсептелинген, алдыга талпынып өсүп келаткан экинчи жаш баланын шагын сындырып койгонун эстөөлөрү керек эле. Алар кызматтык абалынан пайдаланып, баласы менен небересине Жаңы жылдык кубаныч тартуулоо менен  дагы бир башка баланын, болгондо да билимдин алдыңкысы болуп, акыйкатсыздык эмне экенин биле элек, азырынча жашоонун жалаң гана жакшы жагын көргөн кичүү муундун көңүлүнө кетпес так калтырып, биздин өлкө адилеттүүлүктөн   эмес, кызмат менен тааныш, байлык менен бийликтен турат деген иренжүүнү орнотуп койгондорун билиши керек болчу.

 

Баткен облусунун жетекчилигинин социалдык өнүктүрүү жана мониторинг башкармалыгынын башчысы Сеитмурат Калыков президенттик балатыга Баткен облусунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мыкты окуган окуучулар болуп жалпы 21 бала кеткенин айтууда.  Ал эми дагы мыкты окуучулар четке сүрүлүп, алардын ордуна таасирдүүлөрдүн балдары кошулуп калганын албетте, жашырат.

 

Картинки по запросу чынара саттарова(Чынара Саттарова)  

 

 Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Мээринса Айжигитова   президенттик балатыга катышуу үчүн кезекте турган балдар да бар экенин билдирген. Айтымында, эреже боюнча президенттик балатыга бара турган балдарды тандоо Баткен облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок, бул жылы балдарды тандоо милдетин облустук администрация өзүнө алган. Мурдагы жылдары облустук билим берүү борбору тарабынан президенттик балатыга барчуларды тандоо эрежеси катуу сакталып,   аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган балдар, олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуунун алдыңкылары тандалып келген. А быйыл тизмени облус жетекчилигинин социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмү тактаган. Алижан Абдыкалыков социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси экенин эске алсак, Чынара Саттарова облус жетекчинин орун басары экенин белгилесек, анда тизме кандай эрежелердин негизинде түзүлгөнү белгилүү.

 

Бала ар убак бала. Ата-энеси байбы, аткаминерби, же карапайым дыйканбы – анын багынтчу ийгилиги жана ал үчүн ала турган сыйлыгы өзүнүн эмгегине гана таандык болушу керек. Жаш кезден баланы ата-эне бийлигинин күчүнө салып, башкалардын ордун тартып бере берсе, бала да ошого ыңгайлашып өсөт. Чынара Саттарова менен Алижан Абдыкалыков кызмат колдун кири, бүгүн бар болсо эртең жок экенин, бүгүн атка минип турган кезинде баласын өңөрүп берген оңой-олтоң кубаныч эртең коомго суук тумшук көрсөтүп коерун түшүнүшсө экен. Мыкты жетишкендиктерге жетишип, бирок, президенттик балатыга таяп-сүйөөрү жок үчүн катыша албай калган балдарды томсортуп коюп, эч убакта жакшы нерсеге ээ боло албайсың.

 

 

Ал эми балатыга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн өз көмөчүнө гана күл тарткан абийирсиз жетекчилердин “жакшылыгынан” улам ажыраган мыкты окуучуларга айтаарыбыз: эч убакта кейибегиле! Тааныш-билиштикке алкымынан чөмүлгөн, акыйкатсыздык сиңген коомду өзгөртүүгө улуу муундун чама-чаркы жетиштүү экенин көрдүңөр. Бул жаман көрүнүштү түп-тамырынан өзгөртүү, калыстык, акыйкаттыкты башкы орунга чыгаруу  силердин колуңардын келээрине ишенебиз. Бала кезде көңүлгө салынган так өмүр бою коштоп жүрөөрү белгилүү. Бул так силерди алдыга умтултуп, адилеттүүлүктү туу туткан муун болушуңарга өбөлгө  болуп берсин. Бой тартып, Кыргызстандын алдыңкы сабын ээлеп, эл-жер үчүн эмгек кылууга убактыңар жеткенде, бүгүнкү ызаңарды, коомго болгон иренжүүңөрдү унутпагыла. Силердин жардамыңар менен силерден кийинки муун кызматтагы апасы менен атасына таянып, алдыга чыгуу дегенди билбегидей болсун. Кыргызстандын жаркын келечеги, акыйкаттыктын жаркын үлгүсү силердин колуңарда!