Кыргызстандын жаңы дайындалган эки вице-премьер-министри жана маданият министри ант беришти. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

 

Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жетекчилигине кеткенине байланыштуу анын ордуна Аскарбек Шадиев келген. Аскарбек Шадиев депутаттык мандатын сактаган Кыргызстандагы биринчи чиновник.

 

Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер –министр болуп дайындалган Даир Кенекеев да ант берди. Ал жол кырсыгынан каза тапкан Темир Жумакадыровдун ордуна дайындалган.

 

Маданият министри Султанбек Жумагулов мурдагы министр Түгөлбай Казаковдун ордун алмаштырган.